Хиджама - Сүннөт менен дарылануу!

*Ас'салааму ъалайкум уа рохматуллоохи уа барокаатуhу!*

Сүннөт боюнча дарылоо!
Хижаманын органдар тутумуна тийгизген пайдасы

Белгилеп кетчү жагдай, хижаманын башкы артыкчылыгы, Мухаммед пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) сүннөтүндө эскерилет. Ал айтты: «Анын дарылык күчү үч нерседе: балды жутууда (ичүүдө), канды агызууда жана аны күйгүзүүдө. Бирок, өзүмдүн үммөттөрүмө, күйгүзүүнү колдонууга тыюу салам».

Кан чыгаруу – машыгуунун жана организмдин өзүнүн функцияларынын жардамы менен калыбына келтирүүнүн натыйжалуу ыкмасы. Төмөндө, хижаманын ар түрдүү органдар тутумуна тийгизген таасирин карайбыз:


Хижаманын териге тийгизген таасири

- Хижаманы кайталап жана туура ыкта колдонуу, чачтын өсүшүн жакшыртат. Анткени, бул ыкманы колдонгондон кийин, чач түймөкчөлөрү жанданып, теридеги кан айлануу жакшырат.

-Тер жана май бездеринин жигердүүлүгү жогорулап, теридеги тешикчелер ачылат. Бул көйгөйлүү териге жардам берип, теридеги безеткилерден жеңил арылууга шарт түзөт.

Хижаманын булчуңдарга тийгизген таасири

-Хижама булчуңдардагы кан айланууну жакшыртып, булчуңдардын түйүлүшүн жоёт.

-Хижама булчуң талчаларынын зарыл болгон кычкылтек менен камсыздалышын шарттап, булчуңдардын ишин жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.

-Хижама булчуңдардагы сүт кычкылын чыгарып, стресстен арылтат.

Хижаманын сөөктөргө жана муундарга тийгизген таасири

-Хижама муундардагы кан айланууну жакшыртып, ревматоиддик артрит менен байланышкан ооруну жеңилдетет.

-Хижама муундарга чогулган, заара кычкылынын туздары сыяктуу зыяндуу заттарды чыгаруу үчүн колдонулат.

Хижаманын тамак сиңирүү тутумуна тийгизген таасири

-Хижама ашказан ширесинин жана ичегинин ферментинин бөлүнүп чыгышын жакшыртуу үчүн колдонулуп, натыйжасында, тамак-аштын сиңирилиши жогорулайт. Ашказан менен ичеги жакшы иштей баштайт.

- Хижама боордун клеткалары карын алдындагы бездин ишин жигердентип, ишмердүүлүктөрүн жакшыртат.

Хижаманын канга тийгизген таасири

-Хижама кан тамырлардын кеңейишин шарттап, организмдеги кандын айлануусу калыпка салынат. Жүрөк-кан тамыр тутумунун иши жакшырат.

-Эритроциттердин саны жогорулайт (аз кандуулукта зарыл).

- Лейкоциттердин саны жогорулайт (вирустардан коргоо, залалдуу шишик оорусунун алдын-алуу жана иммунитеттин бекемдеши үчүн зарыл).

- Канды тазалайт

Хижаманын нерв тутумуна тийгизген таасири

-Хижама өнөкөт баш оору, жогорку кан басымы, стресс сыяктуу, симпатикалык нерв тутуму менен байланышкан баардык ооруларды дарылайт.

Станция метро Волгоградский проспект

Комментарии не найдены


Необходимо авторизоваться, чтобы оставить комментарий.